06.06.2007 12:32
Кыргызстанда элдин ой мүдөөсүнө жана кызыкчылыгына жооп берген идеология иштелип чыкты
Бишкек, 6-июнь. (КАБАР). Атайын түзүлгөн комиссия иштеп чыккан Кыргызстандын мамлекеттик идеологиясынын долбоорун президент Курманбек Бакиев жактырды. Текст менен жарандар жакынкы учурда тааныша алышат. Бул жөнүндө «Кабардын журналистине мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров билдирди.
«Иштелип чыккан мамлекеттик идеология ушундай түрүндө кыргыз элинин кызыкчылыгына жооп бербейт деп бизди бардык тараптан жекирүүдө. Кээ бирөөлөрү өзүн акылдуу көрсөтүш үчүн гана сындоодо. Кимдир бирөөнү сындоодон мурда адегенде, маселенин тарыхын иликтөө керек. Сынчылардын көбү текстти окуудан да жалкоолонушту. Менин пикиримде комиссия өтө үзүрлүү иштеген, көп кызуу талаш тартыштар жана талкуулар болгон. Жыйынтыгында биз элдин ой мүдөөсүнө жана кызыкчылыгына жооп берген идеологияны алдык»,- деп айтты мамкатчы.
(Н. Анаркулов) М.Т.
|