06.06.2007 12:24
А. Мадумаров: «Кыргыздар жөнүндө суктануу менен айта турган күн да жакындады»
Бишкек, 6-июнь. (КАБАР). «2015-жылга чейин Кыргызстандын кинематография искусствосун өнүктүрүү боюнча улуттук программа иштелип чыгууда»,-деп билдирди «Кабар» агенттигинин журналистине мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров. Анын сөзүнө караганда, ушул жылдын 3-9-сентябрында Ысыккөл кинофестивалын өткөрүү пландаштырылууда. «Биз банктарды тоноп же бири бирин өлтүрүп жаткан фильмдерди көрсөтпөйбүз. Кинофестиваль өз алдына адамдын кадыр баркы, дөөлөтү даңазаланып жана баяндалган жакшы кинону көрсөтүүнү коет»,- деп айтты А. Мадумаров.
«Мен кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков менен сүйлөштүм, биз «Сынган кылыч» тарыхый романынын негизиннде көркөм фильм тартууга макулдаштык. Фильмдин сценарийин Т. Касымбеков нечак эле жазган. Эми биз ушул идеяны турмушка ашырууга каражат табууга тийишпиз. Биз ошондой эле Исхак Раззаков тууралуу фильм тартуу пландаштырып жатабыз. Мындан тышкары Россиянын кинематографчылары менен бирдикте Курманжан Датканын өмүр жолуна арналган «Алайдын ханышасы» фильми тартылмакчы. Дүйнөгө кырыз элинин бай, көп кылымдык тарыхын баяндоого жана көрсөтүүгө мезгил жетти»,- деп белгиледи мамлекеттик катчы. (Н. Анаркулов) М.Т.